Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №15
Н.Ю.Красков жөнүндө
Манас райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Т.Назаралиевдин кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Т.Назаралиевдин кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Манас райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын атайын эсебинде турган Покровка айылынын Кара-Суу көчөсүнүн тургуну 1956-жылы туулган жалгыз бой улгайган жаран Красков Николайдын эки көзү жаракат алып көрбөй калгандыктан, Бишкек шаарына операция жазатууга алып баруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинин 10 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага: | М.Садыков |