Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №7
Бакай-Ата айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каражаттардын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Бакай-Ата айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каржаттардын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айылдык аймактын кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каржаттардын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 718 307 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каржаттардын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 718 307 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн детсаддар болумуно 681 053 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Ар кандай чыгымдарга 382 900 сом.
-Имарат жайларды учурда ондоо иштерине 132 000 сом ;
-Жабдууларды жана материалдарды сатып алууга 21 000 сом
-Эмерек жана офистик жабдууларды сатып алууга 145 153 сом;
3. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн турак-жай болумуно 37254 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
Кызматтык автоунааларга запастык тетиктерди алууга 37 254 сом.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери И.Садабаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Шадыбеков |