Загрузка документа…
ОМУРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-февралы №107
Күн тартибиндеги маселе боюнча жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштерин, 2019-жылда аткарыла турган иштерин жана 2019-жылдын бюджетин угуп жана талкуулап жана ошондой эле АРИС тарабынан келген техникаларды иштетүү үчүн шаймандарын сатып алуу же болбосо ижарага алып иштетүү боюнча комиссия түзүү максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма төртүнчү кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2019-жылда аткарыла турган иштеринин планы бекитилсин.
3. 2019-жылдын бюджети бекитилсин.
4. АРИС тарабынан келген техникаларды иштетүү үчүн шаймандарын сатып алуу же болбосо ижарага алып иштетүү боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн.
Т.Иманалиев – жайыт комитетинин төрагасы
К.Шатманов – айылдык кенештин депутаты
Б.Кашкаралиев - айылдык кенештин депутаты
Ж.Жанузаков - айылдык кенештин депутаты
З.Өмүралиев - айылдык кенештин депутаты
М.Жумалиев - айылдык кенештин депутаты
Ж.Бейшенов – аскердик эсепке алуу столунун инспектору
5. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Иманалиевке жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталивке жүтөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | У.Алмолдоев |