Загрузка документа…
ОМУРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №111
Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдын бюджетин кабыл алуу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма бешинчи кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетин аткарылышы кабыл алынсын.
2. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 8112 800 сомго жана чыгаша боюнча 8112 800 сомго бекитилсин.
3. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылга бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
6. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2019-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн резервдик фонд түзүлүп бекитилсин. №5 тиркеме тиркелет.
6. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылга карата атайын каражат счеттун киреше болугу боюнча 546 000 мин сом өлчөмүндө, чыгаша болугу боюнча 546 000 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн аппартындагы иштеген кызыматкерлердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн №-466 2017 жылдын 07-август айындагы токтомунун негизинде аныкталып, типтүү штаттык бирдиктин саны 15-штаттык бирдик, бир айлык эмгек акысы 166 572 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2019-жылга карата маданият тармагында иштеген кызыматкерлердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн № 16 2011 жылдын 19-январындагы токтомунун негизинде 5- штаттык бирдик, бир айлык эмгек акысы 27 025 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, жана айылдык кеңештин VII чакырылышынын жыйырма бешинчи кезексиз кешмесинин чечими менен 2019-жылдын февраль айынан баштап 3-штаттык бирдиктин эмгек акысы 16850 сомго бекитилсин.
11. Өмүралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому туура жана так аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү, айылдык кеңештин “айыл чарба, экомомикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет” боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
12. Өмүралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин чакырылышынын сессияда депутаттардын 2019-жылга бюджетин бекитүүгө каралган пикир келишпестиктер КР финансы министирлигинен суралсын.
13. Айыл өкмөтүнүн жана Мекеме уюмдарынын жыл ичинде бекилген беренелерин каржылоо чыгымдары эконом жана зарыл болгон учурда бир тармактан экинчи тармакка, беренеден беренеге жана чейректен чейреке жылдыруу жагы Айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
14. 2020-2021-2022- жылдарга бюджетинин көлөмүнүн 2020-жылга 8588,6 миң сом, 2021-жылга 8591,3 миң сом, 2022-жылга 8650,1 миң сом бекитилсин.
Кеңештин төрагасы: | У.Алмолдоев |