Загрузка документа…
ОМУРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №114
Өмүралиев айыл аймагындагы кум, топурак карьери жөнүндө
Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылындагы №474 контурундагы Чырканак сайынын ичиндеги 0,50 га кум жайгашкан жерден кум алуу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма бешинчи кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын Манас айылындагы №474 контурундагы Чырканак сайынын ичиндеги 0,50 га кум жайгашкан жерден кум алууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А. Эшалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Кеңештин төрагасы: | У.Алмолдоев |