Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №112
Ак-Суу айылындагы Жаны Абад участкасына курулган кичи футбол аянтчасынын ижара акысын азайтууга макулдук берүү жөнундө
Ак-Суу айылындагы Жаны Абад участкасына курулган кичи футбол аянтчасынын ижара акысын азайтууга макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айылынын тургуну ижарачы Н.Халмуратовдун берген билдирүүсүндө азыркы учурда футбол аянтчасына оюнчулардын аз келгендигин айтып ижараны азайтып беруу жонундо билдируусун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылындагы Жаны Абад участкасына курулган кичи футбол аянтчасынын ижара акысын бекитүү жонундо ижарачы Н.Халмуратовдун билдирүүсү конулго алынсын.
2. Ак-Суу айылындагы Жаны Абад участкасына курулган кичи футбол аянтчасынын эски ижара баасы 4000 (торт мин) сом болуп айылдык кеңеште бекитилген, оюнчулардын аз келгендигине байланыштуу 2019-жылдын январынан баштап ижара акысын 2000 (эки мин сом)го азайтууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөл кылуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |