Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын.17-ноябры № 87
Жергиликтүү жер салыктардын ставкасын бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовдун КР салык мыйзамынын негизинде айыл чарба багытындагы жерлердин ставкасын бекитүү жана макулдашуу жөнүндө билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы жер салыктарынын базалык ставкасы өз баасында калтырылсын жана ар бир гектарына төмөнкүдөй өлчөмдө эсептелинсин:
2. Зоналдык коэффицент(К3): Тамарка салыгына 1(К3);Айыл чарбасына арналбаган жер салыгына жана мулк 2 группадагы салыгына 0,7(К3);
3. Айыл чарбасына багытталган жер салыгынын(үлүш) ставкасы
Суулуу айдоо сом | Кайрак айдоо сом | Көп жылдык өсүмдүктөр сом | Чөп чабынды сом | Жайыт сом |
305,02 | 47,78 | 343,74 | 24,3 | 7,7 |
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовго жүктөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | Ш. Анарбаев |