Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №95
Ак-Суу айыл окмотундо бузуулар жонундо иштерди кароо боюнча комиссияларын жобонун негизинде бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,”Пробация жөнүндө”,Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө”Жогоруда аталган Типтүү жобого ылайык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Худаяровдун берген билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агенттигинин буйругу эске алынсын
2. Комиссия жөнүндөгү жобого ылайык комиссия курамы 7 (жети) кишиден турган төмөнкүдөй курамда комиссиятүзүлсүн.
Аширов Сыдыкбай айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен .
Анарбаев Шухрат айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен .
Кобилов Машрабжон айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен.
Кабылов Абдизакир айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен .
Абдижабборов Бобиржон айылдык кеңештин депутаты макулдугу менен .
Маматкулова Жаннатай аялдар кеңешинин төрайымы.
Назырбаев Сейитбек- айыл өкмөтүнүн башкы адиси
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген жобо жетекчиликке алсын.
4. Комиссия жергиликтүү кеңеш алдында жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап маалымат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Укук жана административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Саматов |