Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели №24/3
Арсы орто мектептин ашканасын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арсы айылындагы Арсы орто мектебинин балдар тамак-аш ичүүчү ашканасын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арсы айылындагы Арсы орто мектебинин балдар тамак-аш ичүүчү ашканасын ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн бош калган акча каражатынан 3111 статьясынан 70000 (жетимиш миӊ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жɵнүндɵгү» Мыйзамына ылайык тендер жарыялап, документтерин мыйзамдаштыруу жана акча каражатын бɵлүп берүү айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Базаркулов |