Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 2
“Чуй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мурдагы “Чебурашка №51” бала бакчанын имаратын өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелинде № 183 токтомунун, ошондой эде 2019-жылдын 14-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары менен бекитилген лабораториянын имаратын (мурдагы “Чебурашка” бала бакчаны) муниципалдык менчигинекабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мурдагы “Чебурашка” бала бакчанын имараты жалпы аянты 1138,5 кв.м. менен жана тийиштүү жер участогу менен кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бешимбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Токоев К.О |