Редакцияот 05.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХXIV-сессиясы

 

2019-жылдын 5-апрели №24/4

Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагына караштуу Арсы айылынын тургундарынын 5-март 2019-жылдагы №2 токтомун бекитүү жɵнүндɵ

Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагында Арсы айылынын тургундарынын элдик жыйындын 5-март 2019-жылдагы №2 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн Арсы айылынын тургундарынын элдик жыйындын 5-март 2019-жылдагы №2 токтому бекитилсин.

2. Айдоо-себүү,оруп-жыйуу,мезгилин сапаттуу бүткɵрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына тɵмɵндɵгүдɵй кызмат кɵрсɵтүү акылары бекитилсин.

1. Кош айдоо -1000 сом 25 литр май

2. Себүү-300 сом 8 литр май,эки сепсе 500 сом 14 литр май

3. Планировка-500 сом 10литр май

4. Тырмоо-500-сом 10 литр май

5. Арык тартуу-200 сом 5литр май (га)

6. Чɵп чабуу-1000 сом 10 литр май

7. Косилка -1000 сом 10 литр май

3. Мал багуу акыларын бекитүү жɵнүндɵ 2019-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык тɵмɵндɵгүдɵй мал багуунун акылары бекитилсин:

1. Уй,бука-300 сом

2. Кой-30 сом

3. Эчки -35 сом

4. Жылкы-300 сом

5. Тай-300 сом

4. Жаздоого кɵчүү 20-апрелден кечиктирилбестен,ал эми жайлоого кɵчүү 1-майдан кечиктирилбестен кɵчүрүлсүн.Күзгү оруп-жыйуу жумуштары аяктагандан кийин тɵрт түлүк малдын кɵчүп келүү графиги 2019-жылдын 1-октябрынан 5-октябрына чейин бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзомɵлдɵɵ жагы Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.

 

Төрага:

Р.Базаркулов