Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №25/3
Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө клуб башчыларынын жана маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Илиязовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдарда клуб башчыларынын жүргүзүп жаткан иштерин «Канааттандыраарлык»деп табылсын.
2. Клуб башчыларынын иштеринин уюштурулушунда майда ремонт иштери жүргүзүлүп, клубдарды капиталдык ремонттон өткөрүү жана кайра куруу иштери боюнча эч кандай чаралар көрүлбөй, Кара-Тоо , Арсы айылдык клубдары бүгүнкү күндө жараксыз абалда тургандыгы белгиленсин.
3. Айыл аймагындыгы Кара-Тоо, Арсы айылдык клубдарын калыбына келтирүү боюнча проектилер менен иш жүргүзүп, капиталдык ремонттон өткөрүү жана алынган музыкалык аппаратураларды пайдаланып, айылдарда даталуу күндөрдө маданий массалык иш чараларды уюштуруу клуб башчыларына милдеттендирилсин.
4. Клуб башчыларынын иштеринин уюштурулушунда, жогорку органдардан келген каттар,айыл өкмөтүнөн барган кат,буйруктарга ɵз убагында маалымат берүү менен аткаруучулук тартипти оӊдоо, айрым учурларда клубдардын бек тургандыгына байланыштуу,мындан ары ишти колго алып, калкты тейлɵɵнүн сапатын жогорулатуу клуб башчыларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |