Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №25/4
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу «Кара-Булак Сенкилтай» кыштоосуна суу чыгарууга өздүк салым үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел айылында «Кара Булак» жаздоо, күздө, кыштоо жерине АРИС аркылуу 5300 метр жерге суу түтүкчөсүн орнотууга өздүк салым үчүн каражат кароо жөнүндө ЖПБнын төрагасы Т.Дыйкановдун сунушун угуп жана талкуулап айылдык Кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга каралган акча каражатынан:
- ПРЖР-1 долбоорунан элдик салым үчүн – 8822 (сегиз миӊ сегиз жүз
жыйырма эки) сом
- жайлоо бала бакчасынан – 10000 (он миӊ) сом
- Яма Беккари – 10000 (он миӊ) сом
- жайыт инфраструктурасын оӊдоо үчүн 20000 (жыйырма миӊ) сом
- ар башка чыгымдардан 21178 (жыйырма бир миӊ жүз жетимиш сегиз) сом
Баардыгы 70000 (жетимиш миӊ) сом 22154900 статьясынан жылдырылып берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзамга ылайык жылдырып берүү жагы ЖПБ эсепчиси Кушконор кызы Т. милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |