Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №25/5
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылынын жаны салына турган клубуна акча которуп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылына жан клуб курууга акча каражатын кароо жөнүндө туруктуу комиссиянын сунушун угуп талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылына жаны курула турган клубка айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилген ар кандай долбоорлорго каралган акча каражатынан 350000 (үч жүз элүү мин) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык тендер жарыялап, документтерин мыйзамдаштыруу жана акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Базаркулов |