Загрузка документа…
СЕМИЗ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июну №25/6
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган атайын каражаттан акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Семиз-Бел айылындагы «Чычканчы» участкасындагы катуу тиричилик таштандыларын жайгаштыруу үчүн полигондон түшкөн акчакаражатын жылдыруу жөнүндө Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесининтөрагасы Т.Дыйкановдун сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылөкмөтүнүн Семиз-Бел айылындагы «Чычканчы» участкасындагы полигондон түшкөн акча каражатынан Семиз-Бел айылындагы «Кара-Булак» участкасындагы кыштоого суу чыгаруу үчүн өздүк салым катары 230000 (эки жүз отуз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзамга ылайык которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго жуктөлсүн.
Төрага: | Р.Базаркулов |