Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №15
Кара-Булак айылдык Кенешинин 2014-жылдын 21 июлундагы 5-чакырылыштын кезексиз 15-сессиясынын №1токтомуна түзөтүү киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айылдык Кенеши Баткен шаарынын тургуну М. Айжигитованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-августундагы элдик жыйындын протоколу колдоого алынсын.
2.Кара-Булак айылдык Кенешинин 2014-жылдын 21-июлундагы 5-чакырылыштын кезексиз 15 –сессиясынын № 1 токтомуна техникалык ката кеткендигине байланыштуу түзөтүү киргизилип, Г. Абдубалиева Курсанов Тажибайдын үйүнөн түштүккө карай деген жери алынып салынсын .
3.Кара-Булак айылынын кире бериш жериндеги Аркадан баштап Кара-Булак айылына кеткен тик көчө Суу-Башыга чейин Абдрашит Айжигитовдун ысымындагы көчө деп аталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Булак айылдык Кенешинин төрагасы | И.Тилеков |