Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №18
Кара-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы С.Эрматов атындагы орто мектебинин эски имаратын балдар бакчасына берүү боюнча арызды кароо жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айыл Өкмөтүнүн аймагындагы С.Эрматов атындагы орто мектебинин эски имаратын балдар бакчасына берүү боюнча айылдык Кенештин алдында төмөнкүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн
1. Ысманов Курбан –айылдык Кенештин депутаты
2. Өтөнов Акылбек –айылдык Кенештин депутаты
3. Жумаев Равшан –айылдык Кенештин депутаты
4. Матказыев Бердикул-айылдык Кенештин депутаты
5. Жайнаков Абдалим –айылдык Кенештин депутаты
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин
төрагасынын орун басары Т.Эрматовго тапшырылсын.
Кара-Булак айылдык Кенешинин төрагасы | И.Тилеков |