Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №19
Бужум айылынын тургуну Абдраимов Авазбекке жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 50-беренесинин 8-пунктуна ылайык Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айылдык Кенешинин аймагындагы Бужум айылынын тургуну турмуш шарты оор Абдраимов Авазбекке эки бөйрөгун чет өлкөгө барып алмаштыруу үчүн операциясына айыл өкмөтүнүн эсебинен 124000 (бир жүз жыйырма төрт мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин .
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын
Кара-Булак айылдык Кенешинин төрагасы | И.Тилеков |