Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №20
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрунө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн бухгалтери З.Эргешованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 1-январына карата калган 133498,16 (бир жуз отуз үч мин төрт жүз токсон сегиз сом 16тый) сом, атайын эсебинде калган 500 (беш жуз ) сом, балдар бакча бөлүмүнөн калган калдык 4228,0 (төрт мин эки жүз жыйырма сегиз сом)сом калдыктары кириштелсин.
2.Кириштелген акча каражаттары төмөнкүдөй жумшалсын :
- башкаруу аппаратынын 2212 статьясынын интернет кызматтарына 23,7 сом
-2215-статьясынын ар түрдүү кызмат көрсөтүүсүнө 109,8сом
- башкаруу аппаратынын атайын эсебиндеги 2721-статьясына 0,5 сом балдар бакча бөлүмүнүн атайын эсебиндеги 2215- статьясынын ар турдуу кызмат көрсөтүүлөргө 4,2 сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
3.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү фондусунун аренда акыларынан түшүүчү 224,2 сом кириштелип ,башкаруу аппаратынын 2215-статьясына мектеп куруу проектилери үчүн 200,0 сом жумшалсын
4.Балдар бакча бөлүмүнүн атайын эсебинин 1423-статьясына ата-энелерден жыйналган жыйым 269,5сом кириштелип,2218-статьясына балдардын тамак ашына 269,5 сом жумшалсын.
5. Жайыт комитетинин жайыт ижара акысы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кошумча 1415-статьясына 33,0 сом кириштелип,2215-статьясына ар турдуу кызмат көрсөтүүлөргө 33,0 сом жумшалсын.
6.Айыл өкмөтунун 2019-жылдын башкаруу аппаратынын төмөнкү статьялары муктаждыка байланыштуу жылдырылсын
- 2221-имараттарды ремонттоо статьясынан 100,0 сом ар турдуу кызмат көрсөтүү 2215-статьясынын 2-кварталына жылдырылсын.
- 3112-ар турдуу механизмдер менен камсыз кылуу статьясынан 100,0сом атайын эсебиндеги балдар бакча бөлүмүнун 2218-статьясынын 2-кварталына тамак аш менен камсыздоого 100,0 сом жылдырылсын
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин
бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Булак айылдык Кенешинин төрагасы | И.Тилеков |