Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №112
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын отчету жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын отчетун угуп жана талкуулап айылдык Кенештин кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин төрагасына, калтырылсын.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |