Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы№116
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Чет Кызыл участкасына айыл статусун ыйгаруу жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Чет кызыл участкасынын тургундарынын коллективдүү арыздарын окуп чыгып жана талкуулап айылдык Кеӊештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Чет Кызыл участкасынын тургундарынын саны 50 үйгө жеткендигине байланыштуу « ЫНТЫМАК» айылы деп статус берилсин.
2. Айылдагылар үчүн атайын чарба китеби ачылып, айыл башчы шайлансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |