Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №117
КАСА-1000 долбоорун куруучулары үчүн база курууга жер ажыратып берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүүнүн колдонулбай жаткан кайрак жеринен «КАСА-1000» долбоорун ишке ашырып , куруу иштерин жүргүзүү үчүн келген куруучуларга убактылуу база куруу үчүн участок бөлүп берүүнү карап чыгып жана талкуулап айылдык Кеӊештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүүнүн колдонулбай жаткан кайрак жеринен «КАСА-1000» долбоорун ишке ашырып , куруу иштерин жүргүзүү үчүн келген куруучуларга убактылуу база куруу үчүн 10 га жер келишимдин негшизиде ажыратылп берилсин.
2. Ажыратылган жердин кайтаруу мөөнөтүндө беридген жерди кайра калыбына келтиүү иштери жана экологияга зыян алып келбеген шарттары келишимде белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |