Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №118
Комерсиялык максатта колдонулган ашыкча жерлерге ижара акысын бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө келген Баткен райондук прокуратуранын 15-февраль 2019-жылдагы №11/118-19 ченемдик укуктук пактыларды бузууларды четтетүү жөнүндө сунушун карап чыгып жана талкуулап айылдык Кеӊештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагыдагы комерсиялык максатта берилген жерлердин пайдалануучулары үчүн бөлүнүп берилген жерден ашыкча уруксатсыз колдонгон ар 1м2 аянт жерге 500 сом өлчөмүндө ижара акы белгиленсин.
2. Мурда берилген жерлердин аянттарын тактоо жана ашыкча аянттарды ангыктоо менен бирге ижара келишимдерин түзүү жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана коммуналдык курулуштар боюнча башкы адиси Мажитов Мурзакматка милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |