Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №119
Өздөштүрүүгө деп барилген жерлер жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Мазеиттин жери айылынын тургундары: Эргешов Жамал, Сапаров А жана Бостонов Гыяздардын оозеки арыздарын угуп жана талкуулап айылдык Кеӊештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Мазеиттин жери айылынын тургундары: Эргешов Жамал, Сапаров А жана Бостонов Гыяздардын оозеки арыздарында айтылгандай Ак-Татыр айылы менен Ортол-боз айылдарынын ортосунан өздөштүрүүгө деп берилген жерлер нормадан ашыкча ээленип алынганы белгиленсин.
2. Ашыкча ээленген жер аянттарын аныктоо жана нормадан ашыкчасын жер комиссиясынын кароосуна тез аранын ичинде сунуштоо жагы жерге жайгаштыруу жана коммуналдык курулуштар боюнча башкы адис Мажитов Мурзакматка катуу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |