Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №123
Ак-Татыр кеңеши тарабынан кабыл алынган № 3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “ Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого карышы келгендиктен, 2015-жылдын 8-июнунда Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги I- сессиясында кабыл алынган № 3 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Баткен райондук прокурорунун 2019-жылдын 19- февралындагы № 11/266-19 сандуу карышылык билдирүү катынын негизинде Ак-Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “ Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого карышы келгендиктен, 2015-жылдын 8-июнунда Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги I- сессиясында кабыл алынган № 3 сандуу токтомун жокко чыгарылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жер адиси М.Мажитовко милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |