Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №125
Ош жогорку чыӊалуу электр тармактар ишканасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Арка массивинин жана Баткен районунун Ак-Татыр , Самаркандек жана Ак-Сай айыл аймактарынын энергетикалык көз карансыздыгын күчөтүү максатында жана Ош жогорку чыӊалуу электр тармактар ишканасынын 16.01.2019-жылдагы № 13-9/24 “Раззаков –Арка” электр линиясын курулушуна мамычаларды орнотууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү катын угуп жана талкуулап айылдык Кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Арка массивинин жана Баткен районунун Ак-Татыр , Самаркандек жана Ак-Сай айыл аймактарынын энергетикалык көз карансыздыгын күчөтүү максатында «Раззаков –Арка» электр линиясын курулушуна мамычаларды орнотууга 1252,44м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |