Загрузка документа…
АК ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы №129
«Андиген таза-суу» таза суу пайдалануучулар ишканасынын таза суу үчүн тарифтерин жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл аймагында « Андиген таза суу» ишканасынын уюшкандыгына байланыштуу ишкананын жетекчиси И. Омуровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Татыр айыл аймагында «Андиген таза-суу» ишканасына иш жүргүзүү үчүн Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарынын жашоочулары , Андиген –Самаркандек суу трассасынана 20 километр аралыгыдан, Шураб – Ворух трассасынын 2,5 километр аралыгындагы участоктон таза сууну колдонушкан суу пайдалануучулары үчүн 2019-жылга тарифтер менен 2019-жыл үчүн бюджети оӊдоолору менен бекитилсин.
2.Тарифтеги жыйымдарды топтоодо жана сарптоодо ишкананын комиссиясына айыл өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы | М.Иметов |