Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №202 /32-7
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Талас шаары боюнча жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарындагы кыргыз тилдүү мектептерде ЖРТнын жыйынтыгын жакшыртуу багытында аткарылган иштери жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 Протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, кыргыз тилдүү мектептерде билим сапатын жогорулатуу, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жакшыртуу жана билим берүү мекемелеринде орун алган негизги көйгөйлөрдү жоюу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) 2018-жылга карата жалпы ишмердүүлүгү жана кыргыз тилдүү мектептерде жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жакшыртуу алкагында жасалган иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас райондук, шаардык билим берүү тармагына (Б.Керимбаев) төмөндө белгиленген иш чараларды аткарууга алуу белгиленсин:
билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим сапатын жана кыргыз тилдүү мектептерде ЖРТнын жыйынтыгын жакшыртуу;
мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында инвестиция тартуу багытында иш аракеттерди жүргүзүү;
ысык тамак уюштурулган мектептерди үзгүлтүксүз, сапаттуу сүт, май азыктары менен камсыздоо максатында сүт азыктары боюнча өзүнчө тендер жарыялоо жана конкурстун жыйынтыгында мыйзам талаптарында жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүт азыктарына басым жасоо;
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык мэриясынын социалдык тармактар боюнча вице мэрине (А.С.Күрүчбекова) милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |