Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №203 /32-7
Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жакшыртуу жана бала бакчада жугуштуу ооруларды алдын алуу жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 Протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жакшыртуу, бала бакчаларда жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көйгөйлөрдү жоюу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жакшыртуу жана жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча жасалган иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине (Б.Керимбаев) төмөндө белгиленген иш чараларды аткаруу жагы тапшырылсын:
Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, №6 “Теремок”, №9 “Буратино”, №1 “Алтын балалык” жана жеке менчик “Келечек-Жаштары” бала бакчаларында сарык, суу чечек (вертяная оспа) оорулары катталгандыгына байланыштуу аталган бала бакчаларда жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча көзөмөлдүктү күчөтүү;
бала бакчаларда мед.айымдардын жоопкерчилигин күчөтүү жана бакчалардын ички, сырткы тазалыгы, азык түлүк коопсуздугу, ашканаларда жана ажаатканаларда гигиеналык нормаларды сактоо;
3. Токтомду аткаруу жагы Талас шаардык мэриясынын социалдык тармактар боюнча вице мэрине (А.С.Күрүчбекова) жүктөлсүн.
4. Кабыл алынган токтомду шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |