Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №204 /32-7
Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасынын нускасын көбөйтүү жана сапаттык багыттары боюнча Талас шаардык мэриясы менен редакциянын биргелешкен иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту жана 2019-жылга карата иш планынын негизинде, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Жаны Багыт” редакциясынын (Т.А.Ибрагимов) 2018-жылга карата жалпы ишмердүүлүгү “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык “Жаны Багыт” редакциясына төмөндө белгиленген иш чаралардын акагында иш алып баруу жагы тапшырылсын:
газетанын окумдуулугун жакшыртуу, нускасын көбөйтүү жана оперативдүүлүгү үчүн бир айда үч жолу басып чыгарууну уюштуруу;
редакциянын атайын эсептик каржы булагын көбөйтүү максатында “Жерүй” алтын кени менен өнөктөштүк алака түзүп иш алып баруу жана жарнама, кулактандырууларды үзбөй жарыялоо;
редакциянын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга карата кенсесин сапаттуу оңдоп түзөө жумуштарын тездетүү, оргтехникалардын жетиштүүлүгү жана кеңсенин сырткы келбетин (фасад) ондоо;
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |