Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №205 /32-7
Талас шаарында дене тарбия жана спорт тармагындагы мектептердин ишмердүүлүгү жана спорт тармагын өнүктүрүү багытында иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында жаш өспүрүмдөрдү спортко тартуу жана жакшы көрсөткүчтөрдү жаратууга дем берүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында дене тарбия жана спорт тармагындагы мектептердин ишмердүүлүгү жана спорт тармагын өнүктүрүү багытында иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаарында дене тарбия жана спорт тармагындагы мектептерде төмөндө белгиленген иш чараларды аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.
Талас шаардык спорт секторуна (Э.Чоноралиев) Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадиондун чарбалык иштеринде орун алган кемчиликтер белгиленсин.
стадиондо бир канча жылдардан бери чыгарылбай турган таштандылар чыгарылсын жана тегереги тартипке келтирилсин.
стадиондун аймагына заманбап ажаткана куруу жана спортсмендер которунуучу жай (раздевалка) маселеси боюнча иш аракеттер колго алынсын.
стадиондогу теннис корт спорт аянтчасын бүткөрүп ишке берүү багытында кабыл алуу-өткөрүү боюнча акт түзүү иш чаралары тездетилсин.
Талас шаардык Газпром спорт мектебине (Т.Сулайманов) тиешелүү электр чордонун Талас шаардык электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
Аталган электр чордону мекеменин отканасына жакын, кооптуу жерде ачык жайгашкандыгы белгиленсин жана тез арада коопсуздандыруу иш аракеттери көрүлсүн.
аталган спорт мектеби курулгандан бери учурдагы ремонт иштери жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин жана 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жагы каралсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (К.Камчибеков) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |