Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №207 /32-7
Талас шаардык мэриясынын башкы бухгалтеринин эмгек маянасына 40 пайыз өлчөмдө кошумча акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” №31 токтомунун 4-пунктунун 5-абзацына карата түшүндүрмө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Н.С.Момуналиевдин 22-ноябрь 2017-жылдагы № 204 сандуу буйругу, Талас шаардык мэриясынын 2019-жылдын 20-майындагы № 01-1/762 катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык мэриясынын башкы бухгалтери С.Шатманова функционалдык негизги милдеттеринен сырткары Талас шаарындагы Талас облустук өнүктүрүү фондунун жана үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга карата жергиликтүү бюджеттен каржыланган материалдык төлөмдөр боюнча аткарып жаткан жумуштары үчүн, эмгек маянасына 40 пайыз өлчөмдө кошумча акы төлөө максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын башкы бухгалтери С.Шатманованын эмгек маянасына 40 пайыз өлчөмдө кошумча акы төлөөгө макулдук берилсин.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) 2019-жылдан баштап, Талас шаардык мэриясынын эмгек акы фондусунун эсебинен каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |