Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №208 /32-7
Талас шаарынын билим берүү мекемелеринде жана лицейлерде предметтик олимпиаданын облустук, республикалык жана эл аралык турунун жыйынтыгы менен жеңүүчү окуучуларына жана мугалимдерине берилүүчү бир жолку стипендия боюнча жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаардык билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин статусун бекемдөө максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын билим берүү мекемелеринде жана лицейлерде предметтик олимпиаданын облустук, республикалык жана эл аралык турунун жыйынтыгы менен жеңүүчү окуучуларына жана мугалимдерине берилүүчү бир жолку стипендия боюнча жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |