Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №209 /32-7
Суусамыр-Талас-Тараз” автожолундагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруулар үчүн төлөмдөргө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 2019-жылдын 17-майындагы №01-4/749 сандуу катынын жана Талас шаарынын мэри А.Джузупбековдун Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин кезектеги 32-сессиясынын күн тартибине киргизген кошумча сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана адам өмүрүнө карата коопсуздукту камсыз кылуу үчүн “Суусамыр-Талас-Тараз” автожолунун Ч.Айтматов көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруучу прожекторлорду күйгүзүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын (А.Джузупбеков) алдында Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө орнотулган 135 даана түнкү жарыктандыруучу прожекторлорду кабыл алуу актысы боюнча убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө орнотулган 135 даана түнкү жарыктандыруучу прожекторлор үчүн 2019-жылдын май айына карата пайдаланылган 81583кВт/с электр энергиясына жалпы 204610,16 мин сом (дебитордук карызы) жана андан кийинки пайдаланган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2232 беренесине каралган акча каражаттын эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
3. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына (Э.Аскаров) Талас шаарындагы түнкү жарыктандыруучу прожекторлорду мыйзам талаптарына ылайык, кабыл алуу актысы жана эсептегич приборлорун коюу боюнча тез арада иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |