Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6 февралы №1
Өрктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын каржы экономика бөлүм башчысы иштеп чыккан Өрүктү айылдык аймагынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет,экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнүн2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10592,6 миң сом, чыгаша бөлүгү 10592,6 миң сом жана атайын каражаттын киреше бөлүгү 730 миң сом, чыгаша бөлүгү 730 миң сом болуп бекитилсин.
2.Өрүктү айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнүнжалпы кирешесинин 1% бөлүгү 105 926 (бир жүз беш миң тогуз жүз жыйырма алты) сом резервдик фондго калтырылсын.
3.Айылдык аймакта табигый кырсыктардын алдын алуу,кесепеттерин жоюу үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом табигый кырсык үчүн 2215 статьяда турушун камсыз кылуу айылдык аймактын ФЭБнө жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |