Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6 февралы №2
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “ Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде үч тараптуу келишимди бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде үч тараптуу келишими бекитилсин.
2.Келишимдин негизинде:
1) Ыктыярдуу жана милдеттүү патендердин негизинде салык жыйноо
2) 1.2.3. жана 4 топтогу мулк салыгын жыйноо
3)Жер салыгын жыйноо
4)рейддик контролдоону Өткөрүү(салык органынан салык төлөөчүнүн салыкты төлөөгөнүнүнжана катоодо тургандыгын фактысын аныктоо),
(патентин негизинде салык төлөөчүнүн салыкты төлөөгөнүнүн физикалык көрсөткүчүжана фактысын текшерүү).
5)Салык кызматынын органдары менен бирдикте салык постторун орнотуу жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө өткөрүп берилсин.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнөжүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Өрүктү айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |