Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6 февралы №3
Өрүктү айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» жөнүндө кодексинин 313-беренесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2017-жылдын 14 апрелиндеги №120–р буйругу менен бекитилген КР «Жазык кодексинин», КР «Жооруктар»жөнүндө кодексин,КР «Жазык процесттик» кодексин «Пробация» жөнүндө, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айылдык аймактык Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Өрүктү айылдык аймактык комиссиясы төмөндөгүдөйкурамда түзүлсүн:
Токтогулов Кубаныч-айылдык Кеңештин депутаты,комиссия курамынын төрагасы.
Ташполотова Калчайым- Үч-Терек орто мектебинин мугалими,комиссия курамынын катчысы
МҮЧӨЛӨРҮ:
Рысбаев Медер- айылдык Кеңештин депутаты, комиссия курамынын мүчөсү
Ирисматова Гулайша- айылдык Кеңештин депутаты, комиссия курамынын мүчөсү
Бозгунчиева Махабат- аялдар Кеңешинин төрайымы, комиссия курамынын мүчөсү
Макамбаев Ибадилла- Орто-Токой ,Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы
Надырбеков Кыял- Кең-Кол айылынын айыл башчысы, комиссия курамынын мүчөсү.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнөжүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |