Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6 февралы №5
Капиталдык ремонт иштеринде жетишпеген курулуш жана башка материалдарды сатып алуу үчүн акча каражатын атайын эсептен (спец счет) бөлүп берүү жөнүндө
Өрүктү айыл Өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонту боюнча айыл Өкмөтүнүндефектик актысы жана кайрылуусунун негизинде капиталдык ремонт иштеринде жетишпеген курулуш жана башка материалдарды сатып алуу үчүн акча каражатын атайын эсептен (спец счет) бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү айыл Өкмөтүнүнимаратын капиталдык ремонту боюнча айыл Өкмөтүнүн дефектик актысы жана кайрылуусунун негизинде капиталдык ремонт иштеринде жетишпеген курулуш жана башка материалдарды сатып алуу үчүн 316 000 сом акча каражаты атайын эсептен (спец счет) каралсын.
2.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө бюджет,экономика,каржы жана инвестиция боюнча комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |