Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6 февралы №6
Спортту колдоо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагында жаштардын арасында спортко болгон кызыгууну арттыруу,сергек жашоону камсыздоо,спорт чеберчилигин Өркүндөтүү, колдоо үчүн райондук,областтык ,республикалык жана Эл аралык мелдештерге жаш спортчулардын катышуусун камсыздоо, машыктыруучулардын, спортсмендердин кайрылууларынын негизинде акча каражатын бөлүп берүү максатында Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогорудагылардын негизинде спортту колдоо үчүн Өрүктү айыл аймагынын атайын эсебинен 300 000(үч жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Өтө турган Эл аралык МФТ тхэквондо мелдешине чакыруунун негизинде катышып келүү үчүн машыктыруучу Нарынбай уулу Максат жана анын 2(эки) спортчусу үчүн ушул токктомдун 1 пунктунда каралган каражаттын эсебинен 80 000 (сексен миң)сом берилсин.
3.Жогорудагы каражатты тиешелүү статьяларга коюп, карап берүү жагы ФЭБнун башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.(тиркеме тиркелет)
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө социалдык тармактар боюнча комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |