Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №1
Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча жылдык отчету жана 2019-жылга карата түзүлгөн иш- планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы кун тартибиндеги маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдагы жүргүзгӨн иши канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин сметасы бекитилсин.
3. Уюлдук компаниялардын антеналары жайыт жерлеринде жайгашкандыгына байланыштуу ижара төлөмдөрүжайыт комитетинин каражаты катары эсептелсин.
4. Жайыт комитетинин 2019-жылдагы киреше болугу 900 000 (тогуз жуз мин)сом, анын ичинен жер салыгы 55 800 (элүү беш миң сегиз жүз) сом , жергиликтуу бюджетке 33% - 278 586(эки жүз жетимиш сегиз миң беш жүз сексен алты) сом , жайыт комитетине 67% 565 614 (беш жүз алтымыш беш миң алты жүз он төрт) сом бекитилсин.
5. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовго, көзмөлдөө айылдык Кеңешинин бюджет,экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |