Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №2
Жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш чараларын бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы кун тартибиндеги маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт пайдалануучулар жайыт комитети менен келишим түзбөй Өз алдынча мыйзамсыз жайытты пайдалангандыгы учун мыйзам чегинде чара көрүлүп ,жайыт пайдалануу укугунан ажыратылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп же эрте көчүп келсе , ошондой эле белгиленген убакытта жайыт акысын ( төлөмдөрүн ) Өз убагында төкпөгөндөр жайыт пайдалануу укугунан ажыратылсын.
3. Жайыт пайдалануучуларга ири мүйуздүү малдын башына- 100 сом , жылкыга -100сом , кой эчкиге 20 сом 3-айдан кийинки козу- улак учун- 10 сом, сырттан келген малдар учун: ири муйуздуу малга - 200сом ,кой-эчкиге –40 сом, жылкыга- 200 сом , жайыттарды башка максаттарга пайдаланууда 1 га жерге 200 (эки жүз) сом наркы белгиленсин.
4.Жайыт билетте көрсөтүлгөн малдан ашыкча мал жайлоодо такталса кошумча айып акы алынып жайыт пайдалануу укугу жайыт комитетинде каралсын.
5.Кочкор-Ата жайлоосундагы бүтпөй калган көпүрөлөржана бир капташты куруу иштерин аягына чыгарып, жайлоого кеткен жайыт жолдору тегизделип ондолсун.
6.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
7.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |