Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №3
Өрүктү айылдык Кеңешинин депутаттарынын курамын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Кочкорбаев Батырбек Турдуевичтин арызынын негизинде Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Кочкорбаев Батырбек Турдуевичтин арызы канааттандырылсын.
2. Мөөнөтүнөн мурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу, депутаттык мандаты кийинки турган депутатты дайындап берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |