Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели №1
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычындагы суу чарбасына берилген жер аянттарын, административдик имараттарды, социалдык обьектилерди жана башка курулмаларды Өрүктү айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө.
2018-жылдын 23 июнунда Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин эки тараптуу макулдашуусунун алкагындатүзүлгөнактынын негизинде Өрүктү айыл Өкмөтүнүнбалансына Орто-Токой суу сактагычындагы суу чарбасына Өткөрүп берилген жер аянттарын, турак үйлөрдү, административдик имараттарды, курулмаларды өткөрүп алуу максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын суу баскан аянтынын айланасындагы суунун эң жогорку чегинен сырткары жер аянттары жана мурдагы суу сактагычтын аймагында турган жайыт жерлери жана башка (түздөн-түз суу сактагычтын курулмаларына тиешелүү эмес) жер аянттары Өрүктү айыл Өкмөттүнбалансына өткөрүп алынсын.
2.Орто-Токой суу сактагычынын карамагындагы турак-жай үйлӨр, социалдык обьектилер, имараттар жана башка курулмалар Өрүктү айыл Өкмөттүн балансына өткөрүп алынсын.
3.Орто-Токой суу сактагычынын аймагында Өз каалоосу менен калган Өзбек Республикасынын жарандары айыл Өкмөттүн каттосуна алынып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга айыл Өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлсүн
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде турмушка ашыруу айыл Өкмөтүнүнбашчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү Өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |