Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №1
Айыл Өкмөтүнүн бюджетиндеги атайын төлөм каражатынын эсебинен акча каражатын жумшоо жөнүндө
Айыл Өкмөтүнүнбюджетинин атайын төлөм каражатынын эсебинен статьялар жана тармактар боюнча акча каражатын жумшоо максатында Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүнбюджетинин атайын төлөм каражатынын эсебинен статьялар жана тармактар боюнча акча каражатын жумшоо максатында айыл ӨкмөтүнүнФЭБнун башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Мерсико” тарабынан окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо үчүн А.Жуманазаров атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонтуна курулмалар үчүн(3111 статья) 262 000 (эки жүз алтымыш эки миң) сом акча каражаты, “Арашан-Булак” СПАсына каналдарды тазалоого жардам иретинде 50 000 сом(элүү миң) сом, Өрүктү айыл аймагынын айылдарындагы жолдорду кеңейтүү,сүрүү,тегиздөөүчүн 500 000 (беш жүз миң) сом , айыл аймагындагы айылдарды толук кандуу, сапаттуу электроэнергиясы менен камсыздоо максатында электрочубалгыларды жана башка керектүү каражаттарды сатып алуу үчүн сметага ылайык 603 000 (алты жүз үч миң) сом, бардыгы болуп 1 415 000 (бир миллион тӨрт жүз он беш миң) сом акча каражаты тиешелүү статьялардан каралсын.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |