Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №1
Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитети менен АРИС программасынын ПРЖР-2 долбоорунун алкагында 2 көпүрөөгө Өздүк салым кошуу жөнүндө
Жайыт комитети менен АРИС программасынын ПРЖР-2 долбоорунун алкагында жайыттарга баруучу Ак Эмчек жана Кысык участкаларындагы көпүрөлөрдүнкурулушуна Өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү максатында айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасынын ПРЖР-2 долбоорунун алкагында жайыттарга баруучу Ак Эмчек жана Кысык участкаларындагы көпүрөлөрдүн курулушуна Өздүк салым катары Өрүктү айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 205 000 (эки жүз беш миң) сом,
жайыт комитетинен 100 000 (жүз миң) сом ,бардыгы болуп 305 000 (үч жүз беш миң) сом акча каражаты берилсин.
2.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Өрүктү айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |