Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №2
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Өрүктү-Сай айылынын тургуну Оңолбаева Толгонайдын кайрылуу катынын жана социалдык маселелерди кароо боюнча түзүлгөнкомиссиянын отурумунун протоколунун негизинде турак жайы жок, турмуш шарты оор, 3 баланын жалгыз бой энеси болгондугуна байланыштуу мектепке чейинки билим берүү уюмуна барган үч баласынын бирөөсүнө төлөм жагынан жеңилдик берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү-Сай айылынын тургуну Оңолбаева Толгонайдын кайрылуу катын эске алуу менен анын мектепке чейинки билим берүү уюмуна каттаган үч баласынын бирөөсү төлөө акысынан бошотулсун.
2.Өрүктү айыл аймагы боюнча бир үй-бүлөдөн үч баласы мектепке чейинки билим берүү уюмуна каттаса, анда үч баланын бирөөсүнө төлөй турган акы бекер деп белгиленсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |