Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №3
Комиссия түзүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Орток-Бел массивиндеги үлүшкө берилген кайракы жерлерди 1994-жылы кайра бөлүштүрүү менчиктештирүү мезгилиндеги түзгөнкарта боюнча тактап берүү үчүн убактылуу комиссия түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайракы үлүш жерлерди тактоо үчүн Өрүктү айыл аймагынын депутаттарынан, аппарат кызматкерлеринен убактылуу комиссия түзүлсүн:
Жумабаев Жолдош- айылдык Кеңешинин депутаты,комиссиянын төрагасы.
Байдөөлөтов А- жер жана турак жай боюнча адис,комиссиянын мүчөсү.
Макамбаев И- Орто-Токой,Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
Токтогулов К- айылдык Кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
Надырбеков К- Кең-Кол айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү.
Кожомбердиев Д- айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
Элтузеров А- Өрүктү айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү.
Кулумбетов Т- экономист-статист,комиссиянын мүчөсү.
Ибраймалиев У- салык инспектору,комиссиянын мүчөсү.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айыл аймактын башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |