Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №3
Каржылык колдоо көрсөтүү жөнүндө
“Жой-Белент Таза суу” бирикмесинин жетекчиси Кайназаров Алтынбектин кайрылуу катынын негизинде Өрүктү-Сай айылында жайгашкан башкы суу тазалоочу жерден баштап Өрүктү айылындагы суу бөлүштүрүүчү жерге чейин 14 (он төрт) жерден суу түтүктӨрү жарылып,жолдорду суу каптап ,суу бӨлүүчү жайга чейинки келген суу Өлчөмү өтө аз болуп,калктын калың катмарындагы 3 (үч) айылга ичүүчү суу жетишсиз болуп , Өрүктү айылы,Чолок-Тума,Орто-Токой айылдары суусуз калышы коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу “Жой-Белент Таза суу” бирикмесинин ремонт иштерине керектелүүчү материалдарды сатып алуу,техникалык чыгымдар үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жой-Белент Таза суу” бирикмесинин жетекчиси Кайназаров Алтынбектин кайрылуу каты эске алынсын.
2.Суу түтүктөрүнүн ремонт иштерине керектелүүчү материалдарды сатып алуу,техникалык чыгымдар үчүн Өрүктү айыл Өкмөтүнүнбюджетинен 100 000
(жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө бюджет, экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |