Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы №1
Комиссия түзүү жөнүндө
2018-жылдын 5 январындагы Өрүктү айыл аймагына караштуу Орто-Токой ,Чолок-Тума айылдарынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуу катынын,2018-жылдын 30 январынын №37 Үч-Терекжалпы билим берүүчүорто мектебинин жалпы чогулушунун токтомунун , 2018-жылдын 20 январындагы Бишкек шаарынын тургуну Мадиева Зарлыкандын “№37 Үч-Терек жалпы билим берүүчү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндөгү” кайрылуу каттарынын негизинде айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Токой Чолок-Тума айылдарынын жергиликтүү тургундарынын кайрылуу каты, №37 Үч-Терекжалпы билим берүүчүорто мектебинин мугалимдеринин жалпы чогулушунун токтому , Бишкек шаарынын тургуну Мадиева Зарлыкандын кайрылуу каттары эске алынсын.
2.Жерине барып кайрылуларда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн атайын комиссия түзүлсүн.
3.Айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын төрагалары ,айылдын айыл башчысы жана аксакалдар Кеңешинин төрагасы комиссиянын түзүмүнө киргизилсин.
4.Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Өрүктү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | Аким уулу Азамат |