Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы Өрүктү айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2018-жылдын 2-февралы №2

Өрүктү айылдык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык Өрүктү айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так бөлүгүнүн максатында Укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп Өрүктү айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өрүктү айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планы жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын 2018-жылга иш пландары бекитилсин.

2. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.

3.Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткакрылышын көзөмөлдөөӨрүктүайылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Осмонбеков Медетканга жүктөлсүн

 

Айылдык Кеңештин төрагасы

Аким уулу Азамат